• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Ысык-Көл облусунда коомдук унаага чектөө киргизилди

9 Теке 202016:15 Бишкек Govori.TV

Мындай чечим Ысык-Көл облустук ыкчам штабы тарабынан кабыл алынды.
Ага ылайык, региондор аралык жүргүнчү ташыган коомдук транспорт жана такси 10-июлдан тартып токтойт. Облустун аймагындагы коомдук каттамдар 10-июлдан 20 июлга чейин иштебейт. Такси кызматтары санитардык эпидемиологиялык нормаларды аткаруу менен иштеши текшерилет. Нормаларга ылайык, 70% чейин орундуктарды ээлөөсү каралган.

Мындан сырткары 10 күндүк обочолонуу акциясынын алкагында ар бир жаран жеке менчик турак жай аянтчасын дезинфекциялоо иштерине көңүл буруусу сунушталды.

Количество просмотров: 171