• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

3 Кулжа 2021 10:04 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды, — деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 2-июнда саат 15:29да Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Подгорный айылында 3,5 балл, Светлая-Поляна, Оргочор, Жети-Өгүз, Кызыл-Суу, Чоң-Кызыл-Суу, Жалгыз-Өрүк, Саруу, Тилекмат, Ырдык айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 171