Ысык-Көл облусунун жетекчиси Илияз Иманбетов Ак-Суу жана Түп райондорунун айыл өкмөт башчыларын кабыл алып, 2022-жылда социалдык, экономикалык тармак боюнча аткарган иштеринин отчетун укту. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Анда облус башчы көпчүлүк айыл өкмөттөрүнүн иши солгун болуп жатканын белгилеп, алдыдагы 2 ай аралыгында 2023-жылга реалдуу аткарыла турчу пландарын толук иштеп чыгып, тез арада жыйынтык көрсөтүшпөсө кызмат ордуларынын жоопкерчилиги караларын айткан.
Облус башчы дагы Ысык-Көл районунун, Тоң районунун жана Жети-Өгүз районунун айыл өкмөт башчыларын жеке кабыл алып, отчетторун уга турганы кошумчалады.