• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан жигит менен кыз каза болду

24 Кулжа 201914:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.06.2019.Govori.TV.

Ысык-Көл районунда жол-транспорт кырсыгынан жигит менен кыз каза болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 22-июнда болжол менен 19:00 чамасында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта кетип бара жатып, рулду башкара албай калган. Анын кесепетинен Кара-Ой айылынын кире беришиндеги бакты сүзгөн.

Аталган унаанын ичинде 4 адам болгон — эки жигит жана эки кыз. Алар Өрнөк айылынан келе жатышкан. Унааны Бишкек шаарынын 1995-жылы туулган тургуну М.Т. башкарып келе жаткан. Жүргүнчүлөр — 1998-жылы туулган эки кыз дагы Бишкектин тургундары болушкан. Ал эми 1995-жылы туулган жигит Өрнөк айылынын тургуну болгон. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилген. Алардын арасындагы бир кыз ооруканада каза болгон.

Ал эми айдоочу 23-июнда эртең менен каза болду.

Учурда жол кырсыгы иликтенип жатат.

Булак: turmush.kg.

Количество просмотров: 12