• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ысык-Көлдө 3,48 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылды

14 Бугу 2021 12:17 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан 3,48 гектар жердин жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл райондук сотунун 2015-жылдын 6-июлундагы чечими менен жайыт катары эсептелген 3 086 000 сомдук жер тилкеси К.А. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги такталган.

Бул кыймылсыз мүлктү мамлекетке кайтаруу максатында, облустук прокуратура райондук соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү доо арыз менен облустук сотко кайрылган. Апелляциялык инстанциядагы сот прокурордук чара көрүү актысын толугу менен канааттандырды.

Прокуратуранын кийлигишүүсүнүн менен белгиленген жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

Количество просмотров: 323