Бишкек.25.06.2019.Govori.TV.
Ысык-Көл облусунда 3 жаштагы бала сүннөткө отургузуу учурунда каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, окуя 9-июнь күнү болгон. 3 жаштагы баланын чоң атасы Ысык-Көл райондук ооруканасында мурда дарыгер болуп эмгектенгендиктен, небересин ошол ооруканага алып барып, небересин сүннөткө отургузууну суранган. Дарыгерлер балага жалпы наркоз сайышкан. Натыйжада бала наркоздон аллергия болуп, операция столунда чарчап калган.
Кошумчалай кетсек, катталган окуяны Саламаттыкты сактоо министрлигинен да тастыкташты.