• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ысык-Көлдө 32 жаштагы жаран баңги затын ташып бара жаткан жеринен кармалды (видео)

16 Жалган куран 2022 17:28 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө баңги затын ташып бара жаткан жеринен жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Түп РИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине, жергиликтүү тургун баңги заттарын Бишкек шаарына чыгарып кетүүнү көздөп жаткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган маалымат райондук милициянын КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 282 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ал Балбай айылынын 32 жаштагы тургуну К.Б. болуп чыкты.

Жакында, милиция кызматкерлери тарабынан аталган жаран такси менен Бишкек шаарына бара жаткан жеринен кармалып, өздүк кароо жүргүзүү учурунда, бир литрлик айнек банкасына салынган 72 даана тегерек формасында жана жапайы кендирдин жыты бар зат табылып алынган.

Алынган далил заты баңгизаттын кайсыл түрүнө кирерин аныктоо максатында соттук-химиялык экспертизасы дайындалды. Райондук соттун чечими менен, шектүү жаранга карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 162