Lexus RX 300 унаасынын айдоочусу казакстандык спортчуну сүзүп алды. Маалыматты облустук милиция тастыктады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-июль күнү саат 07:40та милицияга Булан-Сөгөтү жана Бостери айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталды деген маалымат түшкөн. «Бишкек шаарынын 41 жаштагы тургуну У.А. Лексус 330 үлгүсүндөгү унааны чыгыштан батышты көздөй бара жатып, Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 97-чакырымында Ниссан-Микра үлгүсүндөгү унааны каптал жагынан сүзүп, андан кийин жол жээгинде келе жаткан казакстандык 1964-жылы туулган Д.М. аттуу спортчуну сүзүп алган.
«Казакстандык спортчу окуя болгон жерден каза тапкан», — деп жазылат билдирүүдө.
Бул факты Ысык-Көл РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, чогулган материалдар тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп берилген. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.