• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө аёосуз сабалып каза болгон жарандын жансыз денеси табылды

30 Тогуздун айы 2018 9:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.10.2018.Govori.TV
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 32 жаштагы адам киши колдуу каза болду. Учурда анын өлүмүнө шектүүлөр изделип жатат. Бул тууралуу аймактык милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 27-октябрь күнү эртең менен саат 8:00 чамасында Жети-Өгүз РИИБине Жон-Булак айылында белгисиз жарандын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге барган тергөө тобу жансыз денени арыктан табышкан. Анын таяк менен катуу сабалып каза болгондугу такталган. Маркумдун жарандык никедеги жубайы күйөсүнүн унаасы да табылбай жатканын айткан. Ал үйүнөн машинасын айдап чыккан боюнча кайтып келген эмес. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тегөө иштери башталды.

 

Количество просмотров: 36