• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Ысык-Көлдө акимдерге жаңы кызматтык автоунаалар берилди 

25 Бирдин айы 202319:38 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда мамлекеттик администрация башчылары-акимдерге жаңы кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Автоунаалардын ачкычын район жетекчилерине президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов тапшырды.

Белгилей кетсек, президенттин иш башкармалыгы тарабынан район жана алыскы аймактар үчүн 2023-жылы чыгарылган Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү 90 автоунаа сатылып алынган, анын ичинен 5 автоунаа Ысык-Көл облусундагы акимдерге берилди.

Количество просмотров: 104