Бишкек.06.08.2019.Govori.TV.
Ысык-Көл райондук ооруканасында кечээ, 5-августта 12 жаштагы өспүрүм бала каза болду.
Облустук милициянын маалыматы боюнча, өспүрүм бала Бостери айылына жакын жайгашкан пляжда жел толтурулган баллонго («банан») түшүп, ал чукул бурулганда башы менен катерди сүзгөн. Жабырлануучу дароо ооруканага жеткирилип, бирок ал өзүнө келбей каза болгон.
Учурда милиция кызматкерлери тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.