• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Милиция: Ысык-Көлдө бир катар уурулук кылгандыгы үчүн УКТ мүчөлөрү кармалды

24 Жетинин айы 202014:29 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө бир катар уурулук кылгандыгы үчүн уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан октябрь айына чейинки аралыкта Ак-Суу районунан жана Каракол шаарынан банк мекемелеринен, ошондой эле соода түйүндөрүнөн бир катар уурулук фактылары катталган.

Алып айтканда, 10-февраль күнү белгисиз адамдар Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жайгашкан «Мөл-Булак» микрокредиттик компаниянын имаратына эшигин сындырып киришип, 800 миӊ сомду түзгөн уюлдук телефондорду уурдап кетишкен.
21-июль күнү, ушул эле айылда жайгашкан «Бай-Түшүм» банктын имаратынан терминалды сындырышып, анын ичиндеги 91250 сом акча каражатын чыгарып кетишкен.

Сентябрь айында, ушундай ыкма менен Каракол шаарындагы «Бакай-Банк» банктын терминалындагы акча каражатын алууга аракет көрүлгөн.

Ал эми, октябрь айында Каракол шаарынын соода түйүндөрүнөн бирдей ыкмада жасалган 3 уурдоо фактысы катталып, 50 миӊ сомдон ашык турган буюмдар уурдалган болучу.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн КЖБРде катталып, Кыргыз Респуликасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) жана Жоруктар жөнүндө кодексинин 90-беренелери (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жакында Ысык-Көл ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын жана уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмыштарга шектүү адамдардын өздүктөрү аныкталып, колго түшүрүлдү. Алар, КР ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү катары турушкан Ак-Суу районуна караштуу Бөрү-Баш айылынын 31 жаштагы тургуну А.А. жана Чүй облусунун Лебединовка айылынын 35 жаштагы жашоочусу О.У. болуп чыгышты.

Количество просмотров: 100