Ысык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген пансионаттардын ишмердүүлүгү токтотулганын президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мониторингдин жүрүшүндө көлдүн экосистемасына түздөн-түз коркунуч келтирген олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган.
Ишмердүүлүгү токтотулган пансионаттар:
«Дальний Кардон» пансионаты – Семёновка айылы;
«Смена» пансионаты – Корумду айылы;
«Белек» пансионаты – Бостери айылы;
«Золотой пески» пансионаты – Бостери айылы;
«Взморье Сити» пансионаты – Бостери айылы;
«Асыл-Таш» пансионаты – Бостери айылы;
«Ой-Керемет» пансионаты – Кош-Көл айылы;
«Золотой-Требас» пансионаты – Кош-Көл айылы;
«Улан» балдардын ден соолукту чыңдоо борбору — Тору-Айгыр айылы;
«Кооператор» пансионаты – Чок-Тал айылы;
«Чолпон-Ата» эс алуу үйү – Чолпон-Ата шаары;
«А. Чалжанов» конок үйү — Бактуу-Дөлөнөтү айылы.
Кошумчалангандай, аталган пансионаттар тарабынан экологиялык нормаларды бузган жагдайлар оңдолсо Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы туристтик сезонго даярдыгын көрсөткөн паспорт берет.