• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ысык-Көлдө бодибилдинг, фитнес жана фитнес-челленж боюнча Азия чемпионаты өтөт

27 Чын куран 2023 13:44 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында бодибилдинг, фитнес жана фитнес-челленж боюнча Азия чемпионаты болот. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Дене тарбия жана спорт департаментинин спорттогу жогорку жетишкендик бөлүмүнүн башчысы Тилекмат Абдырахманов билдирди.

Абдырахманов 12-15-майда өтө турган турнирге 20 өлкөдөн 700-800 спортчу катышарын маалымдады.

Кыргызстандын фитнес жана бодибилдинг федерациясынын президенти Людмила Кожухова өлкөдө бодибилдингдин тарыхы расмий түрдө 2020-жылы 27-декабрынан тарта башталганын белгиледи.

“Ал учурда биринчи жолу легитимдүү өлкө чемпионаты өткөн. Биринчи мелдеште 100 адам катышса, кийинки жылы 200дөн ашык спортчу катышты. Кыргызстанда бодибилдинг тездик менен өнүгүп жатат. 2022-жылы Азия чемпионатын өткөрүп, анда спортчулардын саны дүйнө чемпионатына катышкан адамдардын саны менен теңелген. Биз тараптан чоң иштер аткарылды, буга чейин чет жактагы турнирлерге катышканда Кыргызстан тууралуу көбү биле берчү эмес. Ал эми Азия чемпионатын биздин өлкөдө өткөргөндөн кийин Кыргызстан тууралуу 202-203 өлкө билип калды”, — дейт ал.

Кожухова бул жолку чемпионатка биринчи жолу балдар категориясы киргизилгенин кошумчалады.

“Алдыда фитнес жана бодибилдинг боюнча Дүйнө кубогу үчүн мелдеш, ошондой эле 26-30-октярда фитнес-челленж боюнча дүйнө чемпионаты дагы Кыргызстанда өткөнү турат”, — деди федерациянын президенти.

Кошумчалай кетсек, Азия чемпионатын өткөрүүгө Дене тарбия жана спорт департаментинин бюджетинен 995 миң сом бөлүнөт.

Количество просмотров: 39