• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ысык-Көлдө чет элдик туристтер жол кырсыгына кабылды

27 Кулжа 2022 13:00 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда испаниялык жубайлар жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Шахта-Жыргалаң айылына караштуу мейманканалардын биринен түшкөн маалымат боюнча, чет өлкөлүк эки жаран куткаруу кызматына муктаж экендиги айтылган.

«Жол кырсыгына кабылган жарандарды куткаруу үчүн сегиз куткаруучу тартылган. Испаниялык 36 жаштагы жубайларга жардам көрсөтүлүп, унаа чыгарылган»,-деп жазылат маалыматта.

Жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес.

Количество просмотров: 12563