Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон казакстандык кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-августта Ала-Көл жайлоосундагы Каракол суусунда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 6 куткаруучу тартылып, адамдын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал 1992-жылы туулган казакстандык кыз экени белгилүү болгон.