Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алтын-Балалык” жаш балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда эс алып жүргөн бала көлгө чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар көлдүн жээгинен баланын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.