• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Ысык-Көлдөгү үрөй учурган автокырсыктан беш адам каза болду

31 Баш оона 201913:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.08.2019. Govori.TV.

Ысык-Көлдөгү Балыкчы—Чолпон-Ата жолундагы унаа кырсыктын кесепетинен 5 адамдын өмүрү кыйылды. 2 адам жаракат алган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, кырсык 30-августта саат 17:30 чамасында «БМВ Х5» жана «БМВ 530» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда болду. «БМВ Х5» унаасы Кант шаарында жашаган 41 жаштагы аял кишинин башкаруусунда болчу. Ал эми «БМВ 530» унаасын Каракол шаарынын 30 жаштагы тургуну (эркек киши) башкарып жүргөн.

Turmush басылмасынын маалыматы боюнча, окуя Сары-Камыш айылы менен Балыкчы шаарынын ортосунда болгон.

Каза болгон жарандар:

— Айдоочу А.Данияр (30 жашта);

— жүргүнчүлөр — Каракол шаарынын 1988-жылы туулган тургуну У.Альбина;

— Хабаровск (Россия) шаарынын 1977-жылы туулган тургуну А.Мамлакатхон;

— Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган тургуну А.Шахида;

— Шахиданын 2018-жылы 22-июнда төрөлгөн кызы.

Экинчи унааны башкарып бара жаткан аял айдоочу менен анын жолдошу ооруканага жеткирилген. Окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Количество просмотров: 120