Бишкек.01.09.2019.Govori.TV.
Ысык-Көлдө изделип жаткан Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев аман эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, ал 31-августта Ысык-Көлдүн Кара-Талаа айылынан Тору-Айгыр айлына сууну кесип сүзүп баратып, дайынсыз болгон.
Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 17 куткаруучу жана “Мөлтүр” кемеси тартылган.
Натыйжада,Эркин Асрандиев аман эсен табылган. Ал Тоң районун Шор-Булак айылынын тушунда көлдө сүзүп келе жаткан.