• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ысык-Көлдө кичи автобус жолдо жаткан адамды тебелеп кетти

25 Кулжа 202111:33 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда кичи автобус жолдо жаткан адамды тебелеп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тоң районунун Тогуз-Булак айылында 1965-жылы туулган М.А. аттуу жаран жолго жатып алган, ошол учурда Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аталган жаранды тебелеп токтогон. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, унаанын астынан маркумдун жансыз денесин чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 368