• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Ысык-Көлдө кыш чыгаруучу заводдун аймагын сел каптады

31 Теке 201916:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.07.2019.Govori.TV.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда кыш чыгаруучу заводдун аймагын сел каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-июль күнү саат 17:30 чамасында Октябрь айыл аймагында нөшөрлөп катуу жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү каналдан суу ташып, кыш чыгаруучу заводдун аймагын каптаган.

Буга байланыштуу, ӨКМнын Ак-Суу райондук ыкчам тобу тарабынан 1 жүктөгүч жана 1 экскаватор тартылып, сел өтүүчү каналдын тосмолору тазаланган.

Количество просмотров: 14