Ички иштер министрлиги менен Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл облусунда рейд өткөрүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнен билдиришти.
30-сентябрдан 20-октябрга чейин мал уурулуктун алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында “Мал уурулук – ветеринардык көзөмөл” аталышындагы рейддик иш-чара өтүп жатат.
Рейддин максаты — мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топторду аныктоо; уурдалган малды жана эт азыктарын мыйзамсыз сатып алууга жана сатууга, ошондой эле малдын документтерин бурмалоого катышкан мамлекеттик кызматкерлердин бетин ачуу; мал союу үчүн ээси жок жерлерди, колбаса чыгаруучу цехтерди жана эт азыктарын сатуу пункттарын мыйзамдаштыруу жана каттоо; мал базарларын текшерүү жана башка кылмыштардын бетин ачуу.
ИИМ белгилегендей, рейддердин алкагында облустун ар бир районунда атайын посттор уюштурулуп, сатыкка коюлган малдардын документтери текшерилүүдө. Иш шаардык, райондук ички иштер башкармалыктарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана ветеринардык кызматтардын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Мал союлган, эт азыктары сатылган жерлер да текшерилүүдө.