• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Ысык-Көлдө малчы жубайын атып өлтүрдү

18 Кулжа 201912:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.

Тоң районунун Сырт өрөөнүндө 29 жаштагы малчы өзүнүн жубайын атып өлтүрдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын А.Н. аттуу 27 жаштагы жашоочусу мылтык менен атынып, каза болгондугу айтылган. Окуянын жагдайларын аныктоо үчүн милициянын ыкчам тобу жиберилип, натыйжада 29 жаштагы К.И. өзүнүн жубайы А.Н. менен элдин малын багуу үчүн аталган жайлоодо убактылуу жашап жатканы жана 16-июнь күнү кызганычтан жубайлардын ортосунда уруш чыгып, күйөөсү аялынын көкүрөгүнө ок атканы белгилүү болгон. Ал эми келин алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон.

Кошумчалай кетсек, ок атылган сайсыз мылтыкты мыйзамсыз жана эч бир уруксат кагаздары жок сактап жүргөнү айтылып, аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тийиштүү экспертизалар даярдалган.

Количество просмотров: 15