• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ысык-Көлдө мыйзамсыз бактарды кыюу фактылары аныкталды

13 Бирдин айы 2024 9:19 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө мыйзамсыз бактарды кыюу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жакында аталган кызматтын кызматкерлери Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун аймактарында мыйзамсыз бак-дарактарды кыюунун 5 фактысын аныктап, кыйылган 47 даана Тянь-Шань карагайын жана 3 даана теректи табышкан.

Бардык аныкталган фактылар райондук ички иштер бөлүмдөрүндө катталып, келтирилген материалдык чыгымды аныктоо үчүн материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди.

Учурда текшерүү иштери уланууда.

Количество просмотров: 91