Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык улоо менен алектенген жаранды кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Ой-Тал айылындагы көл жээгинен, жергиликтүү тургун Т.В. мыйзамсыз балык уулаган. Кармалган жарандан 16 даана «судак» балыгы жана 100 метр узундуктагы «перемет» кармоочу куралы алынган.
Бул факты Түп РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн материалдар райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Мындан тышкары, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо максатында, Мамэкотехинспекциянын Каракол шаары, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору боюнча башкармалыгына тиешелүү материалдар жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, өкмөттүн 2015-жылдын 24-июнундагы №410 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сууларында эс алуу жана спорттук балык уулоо эрежелеринин 4-бөлүгүнүн 16-пунктуна ылайык, «перемет» балык кармоого тыюу салынган түрлөрүнө кирет.