• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Орто-Токой суу сактагычынан мыйзамсыз балык кармаган жаран кармалды

29 Чын куран 202210:16 Бишкек Govori.TV

Орто-Токой суу сактагычында синтетикалык тор менен мыйзамсыз балык уулоо жүргүзүп жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган факты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери рейд иштерин жүргүзүү учурунда аныктаган. Шектүү 46 жаштагы Д. У. аттуу Тоң районуна карштуу Орто-Токой айылынын тургуну экендиги белгилүү болгон.

Текшерүү учурунда 80 даана “сига-лудога” балыгы, 1000 метр синтетикалык тор жана моторлуу кайык далил зат катары алынган. Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесине (“Балыкты же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо”) ылайык, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 250