Орус космонавты, Бишкекте туулган Сергей Корсаковдун Ысык-Көлдү космостон тартылган уникалдуу сүрөттөрү жарыяланды.
«Биздин Жерди иллюминатордон көрүү такыр унутулбай турган учур. Сүрөткө жана видеого тартып алгың келген аймактар Жер планетасында өтө көп. Бирок алардын ичинен менин жүрөгүмө жакыны — Кыргызстан, анан Ысык-Көл болду. Бул жерлерди космосто туруп алып тартканды абдан жакшы көрөм», — деп билдирген ал.
Сүрөттөрдү «Sputnik» агенттиги жарыялаган.



