• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Ысык-Көлдүн жээгинде парашют аттракционун иштетүүгө тыюу салынды

30 Теке 2024 15:27 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл районунун аймагында, көл жээгинде парашют аттракционунун ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле Ысык-Көлдүн эс алуу аймактарында кээ бир суу транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору эл өкүлү тарабынан демилгеленип, бүгүнкү күндө министрликтин сунушун эске алуу менен администрацияда каралууда.

«Туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында суу аттракциондорунун ишмердүүлүгүнө тыюу салууга кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен эс алуучулардын арасында адам өмүрлөрү кыйылган учурлар себеп болууда», — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле коомчулукта скутерлерден чыккан күйүүчү жана майлоочу майдын калдыктары көлдүн суусуна аралашып, көлдүн экологиясына терс таасирин тийгизүүдө деген пикирлер айтылып келет.

Количество просмотров: 134