• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ысык-Көлдө оюнчук тапанча менен коркутуп, каракчылык кылган 4 жигит кармалды

4 Баш оона 2022 12:19 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө төрт жигит оюнчук тапанча менен коркутуп, каракчылык кылышты. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлагты.

Маалыматта айтылгандай, 30-июль күнү Ысык-Көл РИИБне Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында, 29-июлдан 30-июлга караган түнү, болжол менен түнкү саат 23.00 чамаларында өзүнүн 16 жаштагы иниси менен Бостери айылында жайгашкан «Университет» пансионатынын көл жээгинде сейилдеп жүрүшкөндө, аларга 17-20 курактагы белгисиз балдар келишип, такталбаган үлгүдөгү тапанча менен коркутушуп, акча каражаттарын, уюлдук телефондорун, күмүш шакектерин жана башка буюмдарын карактап кетишкендерин жана издерин жазгырып кетишкендерин билдирген. Жабырлануучуларга келтирилген жалпы материалдык чыгым 43200 сомду түзгөн.

Арыз Ысык-Көл РИИБдин КБРге катталып, кылмыш-жаза кодексинин 207 (Каракчылык) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмыштын бетин өз учурунда ачуу үчүн кесипкөй жана тажрыйбасы көп болгон милиция кызматкерлерден турган тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

Жүргүзүлгөн кечиктирилгис тергөө – ыкчам иштеринин натыйжасында кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери эки күндүн аралыгында кылмышка шектүү жарандардын өздүктөрүн аныкташып, аларды колго түшүрүштү. Кылмышка шектүү катары 17 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургундары М.О., Д.Т., Чүй облусунун тургуну Н.И. жана 16 жаштагы Нарын облусунун тургуну Т.Б. болуп чыгышты. Алгачкы суракта, алар күнөлөрүн толугу менен моюндарына алышты жана бирөөнүсүнөн оюнчук тапанча далил зат катары алынды.

Райондук соттун чечими менен шектүүлөргө карата тергөө учурунда 1 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 1328