Бишкек.17.08.2019.Govori.TV
Бүгүн, 17-август күнү Ысык-Көл районунун Тамчы айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, он чакты турак үйлөрдүн короосун каптаган. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Такталган маалымат боюнча, таңкы саат 05:00 чамасында каттуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Чырпыкты айылында 7 турак үйдүн жана Кош-Көл айылында 3 турак үйдүн короолорун каптаган.

«Жерине КР ӨКМнен 16 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, мотопомпанын жардамы менен сел сууларын сордурушуп, саат 11:30да жумуш толук аяктады»,-деп айтылат маалыматта.