• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн ири өлчөмдөгү баңгизаты табылды

6 Бирдин айы 202015:13 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн ири өлчөмдөгү баңгизаты табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жети-Өгүз райондук милиция кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү тургундан 10 кг баңгизатын табышкан.

«Январь айынын аягында Жети-Өгүз районунда «Кепа» аттуу адам үйүндө өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүрөт деген маалымат түшкөн. Жергиликтүү тургундун өздүгү такталган, ал Дархан айылынын 46 жаштагы Д.К., аттуу жашоочусу болуп чыккан», — деп айтылат маалыматта.

Шектүү адамдын үйүн тинтүү учурунда сарайынан жана жер төлөөсүнөн 8 данаа 5 литрлик желим идишке жана атайын баштыкка салынган жапайы кендир жыттанган өсүмдүк заты табылган.

Экспертиза көрсөткөндөй шектүүнүн үйүнөн 10 килограмм 385 грамм марихуана жана 3 грамм гашиш алынган.

Аталган факт Жети-Өгүз райондук ички иштер башкармалыгынын Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жазык кодексинин 268-беренесинин 2-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Количество просмотров: 127