• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн курал-жарак жана ок-дарылар табылды

20 Бештин айы 202311:28 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн курал-жарак жана ок-дарылардын арсеналы табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзамсыз ок-дарыларды сактоо боюнча билдирүү райондук милицияга ноябрдын ортолорунда түшкөн.

Маалымат райондук милицияга катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран Ичке-Жергез айылынын 47 жаштагы Д.Т. аттуу тургуну экендиги аныкталып, жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан:

2 даана «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү ок атуучу курал;
10 даана 7,62 калибрдеги жана 10 даана 5,45 калибрдеги ок;
1 даана бычак;
1 окуу гранатасы;
баштыкка салынган жапайы кара куурайдын өзгөчө жыты бар кургатылган өсүмдүгү алынган — 1 кг 250 грамм.
Учурда соттук-баллистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 450