• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ысык-Көлдө УКТ мүчөлөрү кармалды

22 Теке 2022 16:20 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 21-июль күнү Ысык-Көл РИИБне Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Арызында, өзүнүн курбусу менен Бостери айлында жайгашкан эс алуу жайларынын биринде чакан кафе иштетерин билдирген. Болжол менен эртең мененки саат 05.30 чамаларында аларга үч жаран келип, оозга алгыс сөздөр менен сөгүп, кол көтөрүп, бычак менен коркутушуп, андан кийин ар кандай ичимдиктерди ичишип, бардын буюмдарын жана идиш-аяктарын сындырып кетишкендиги үчүн чара көрүп берүүнү арызында көрсөтүшкөн.

Арыз Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 280 (Ээнбаштык) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

«Жүргүзүлгөн ыкчам иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү жарандардын өздүктөрүн аныкталып колго түшүрүлгөн. Кылмышка шектүүлөр болуп, КР ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөлөрү катары турушкан, Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы А.Т., 27 жаштагы Ж.Р. жана 21 жаштагы А.К. болуп чыгышты. Соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, кылмышка шектүүлөр Ысык-Көл РИИБдин УКЖга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 1800