• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө унааларды айдап качкан шектүү кармалды

2 Аяк оона 2021 12:36 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө автоунааларды айдап качкан 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-июль күнү Каракол ШИИБне ушул эле шаардын тургунунан арыз менен кайрылып, «Восход» кичи районунан белгисиз адамдар үйүнүн жанынан токтотуп койгон «Honda Odyssey» үлгүсүндөгү автоунаасын айдап, качып кеткендиги жөнүндө билдирген.

Аталган кылмышты аныктоо максатында «Тосмо» операциясы киргизилип, шаардан чыгуучу жолдорго милициянын посттору коюлуп, чектеш шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө багыттамалар жөнөтүлгөн.

Издөө иштеринин натыйжасында, уурдалган автоунаа Ысык-Көл районунун Ананьево айылынан табылган. Бирок, кылмышка шектүү жаранды «изин суутпай» кармоого мүмкүнчүлүк болбой калган. Ошондой эле 30-июль күнү дагы Каракол шаарынын тургунуна тиешелүү болгон «Honda Odyssey» үлгүсүндөгү автоунааны айдап качуу фактысы «Восход» кичи районунан кайрадан кайталанып, автоунаа шаардын аймагында табылган. Бул жолу да кылмышка шектүү жаран милиция кызматкерлеринен изин жазгырып кетүүгө үлгүргөн.

Автоунааларды айдап качуунун эки фактысы Каракол шаардык милициясында катоого алынып, Жазык кодексинин 206-беренесинин (“Автотранспорт каражаттарын айдай качуу”) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Аталган кылмыштардын бетин ачуу максатында атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, анын курамына Ысык-Көл облустук, Каракол шаардык милицияларынан жана Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККББнын такшалган жана тажрыйбалуу кызматкерлери тартылган.

«Комплексттүү иш-аракеттердин натыйжасында, милиция кызматкерлери кылмышка шектүү болгон Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну Т.У.ну кармашты. Анын айтымында, автоунааларды айдап качуусуна жөн эле айдоо, ошондой эле автоунаа менен тааныш кыздарын сейилдетүү себеп болгон»,-деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө шаардык соттун чечими менен кылмышка шектүү жаран «эч жакка чыкпоо» тил катында калтырылды. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 177