• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ысык-Көлдө жер титиреди

16 Аяк оона 202115:07 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-сентябрда саат 12:31де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Тоң районунун Дөң-Талаа, Булан-Сөгөттү, Ала-Баш айылдарында 3 баллга чейин, Көк-Сай, Кызыл-Туу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 349