Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунун 29-чакырымында (Тору-Айгыр айылы) Hyundai Sonata жана КамАЗ унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 2 киши каза болуп, бирөө жаракат алган. Куткаруучулар каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаран тез жардам кызматы тарабынан Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.