• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 киши жабыркады

30 Бештин айы 2021 13:04 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жол кырсыгынан 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,​ Бишкек-Балыкчы-Каракол унаа жолунун 156-чакырымында жол кырсыгы катталып, Хонда Аккорт үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, 25 жаштагы эки жаран жабыркаган.

Жерине Балыкчы шаардык №19 куткаруу кызматынан 3 куткаруучу тартылып, жабыркагандар «Тез жардам» кызматына өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 1089