• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 31 жаштагы аял жана анын кызы көз жумду

29 Тогуздун айы 2020 11:05 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басарынын жубайы жол кырсыгына кабылып, өзү жана 11 жаштагы кызы каза болуп, эки баласы ооруканага жеткирилди. Маалыматты облустук милиция тастыктады.

Маалыматка ылайык, кырсык 28-октябрь күнү Чок-Тал айылында, Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 54-чакырымында болгон. Анда Балыкчы шаарынын 31 жаштагы тургуну BMW X5 үлгүсүндөгү унааны башкара албай четке чыгып кетип, бакты сүзгөн.

Жол кырсыгынын айынан өзү жана анын 11 жаштагы кызы каза тапкан. Ал эми машинадагы 7 жана 5 жаштагы кыздар Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Аталган факт Ысык-Көл райондук милициясынын электрондук журналына каттоого алынып, териштирүүлөр жүрүп жатат.

Количество просмотров: 70