• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам ажал тапты

16 Кулжа 202110:05 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 187-чакырымында жол кырсыгы катталып, эки киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык түнкү саат 01:00 чамасында катталган. «Subaru Legacy В4» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1992-жылы туулган Р.К. жана 2002-жылы туулган К. у Б аттуу жарандар каза болгон. Ошондой эле 2002-жылы туулган К.А. аттуу эркек киши жаракат алган.

Жаракат алган жаран тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилип, ал эми куткаруучулар жеткенге чейин каза болгон жарандарды унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 1495