• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам жабыркады

4 Бирдин айы 202210:04 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 3-февралда Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 89-чакырымында болгон. Анда Volkswagen Golf III унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган. Жабыркагандар “Тез жардам” кызматы менен Тоң райондук ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 132