• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан милиция кызматкери каза болду

21 Теке 2022 11:16 Бишкек Govori.TV

Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жол кырсыгынан ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын бөлүм башчысы, милициянын майору Улукбек Балагазыев каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 35 жаштагы Улукбек Балагазыев 19-июлда Ысык-Көл облусунда кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жол кырсыгынан каза болгон.

«Үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бул биз үчүн чоң жоготуу. Улукбек Балагазыевдин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!»,-деп айтылат маалыматта.

Анын артында жубайы  жана эки баласы калды.

Количество просмотров: 4945