Бишкек.30.05.2019.Govori.TV.
Ысык-Көлгө 15 жаштагы бала чөгүп кетти, — деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, күн мурун болжол менен саат 17:40та «102» кызматына Пристань-Пржевальск айылында 2004-жылы туулган А. Э., аттуу бала көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге 9 куткаруучу тартылып, издөө иштери башталган.
«Саат 19:57де маркумдун сөөгү көлдүн жээгинен табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген», — деп билдиришти ӨКМден.