• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Ысык-Көлгө кайрадан коронавирус киргизишти

5 Кулжа 202012:34 Бишкек Govori.TV

  Ысык-Көл облусунун бир тургунунан коронавирус аныкталды. Turmush басылмасы Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Мирбек Сагынбаевге таянып билдиргендей, коронавирус аныкталган жаран Жети-Өгүз районунун 1997-жылы туулган жашоочусу.

Ал 25-май күндөрү Бишкек шаарында туугандарынын үйүндө конокто болгон. Кийин Ысык-Көл облусуна келип, жентек той өткөргөн. Тойго 20 киши барган.

«Бүгүнкү күндө тойго баргандардын баарынан анализдер алынды. Алар үй карантинде болушат» — деп билдирген облустун координатору.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган облуста 14 кишиден коронавирус аныкталып, алардын баары айыгып ооруканадан чыкканы айтылган эле.

Количество просмотров: 489