• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлгө кирип-чыгууга тыюу салынган чечим кайра каралмай болду

5 Бугу 2020 12:39 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусуна кирип-чыгуу боюнча киргизилген чектөөлөр жалпы алгоритмге туура келбей жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Буга байланыштуу Облустук ыкчам штаб чечимин кайра карап чыгат», — деди Үсөнбаев.

.Эске салсак, Ысык-Көл облусунун ыкчам штабы 4-майдан баштап бул регионго кирип-чыгууга тыюу салуу боюнча чечим кабыл алган.

Аймак тургундары жүйөлүү себептер менен гана башка региондорго барууга, райондук, мамлекеттик администрациялардын жана Каракол, Балыкчы шаардык мэриялары тарабынан берилген өткөрмө уруксат кагаздарынын негизинде чыгары айтылган.
Ошондой эле кайра облус аймагына кирген учурда жарандар милдеттүү түрдө экспресс-тест же ПЦР-анализ тапшыргандыгы жөнүндө маалым кат көрсөтүшү керек болгон.

Количество просмотров: 107