Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Аида Исатбек кызы коомдук транспорттогу кондиционер маселесин көтөрдү.
Анын айтымында, күндүн ысыгына байланыштуу коомдук транспорттордо эсин жоготкон жарандардын саны көбөйүп жатат.
«Эки күндөн бери мага Бишкек шаарынын тургундары кайрылууда. Мамлекетке кичине оокат алардын алдында техникалык тапшырма жазылып, ошонун негизинде грант же тендер менен алынып келинет. Түшүнүксүз жагдайлар менен азыркы автобустарда кондиционер жок экен. «Мэрия дагы автобустарды алат» деген маалымат бар, техникалык тапшырмага кондиционерди сөзсүз кошкула»,-деди депутат.