• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Юрист, Калича Умуралиева: «Көчөлөрдүн аты боюнча мораторийди мыйзамсыз бузса, сотко беребиз»(видео)

20 Жалган куран 2018 14:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек 20.03.2018  Govori.TV

Көчөлөрдүн аты боюнча мораторийди мыйзамсыз бузса, сотко беребиз. Бул тууралуу укук коргоочу, юрист Калича Умуралиева билдирди.

«Өкмөттүн токтому болбосо, көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө тыюу салган мораторий ишке ашырылбайт. Эгерде булар өздөрүн мыйзамын  бузса сотко беребиз. Анткени мыйзам бардыгыбызга тең болушу керек. Мен бул кадамдын максатын дагы түшүнбөй жатам»-дейт юрист Калича Умуралиева.

Белгилей кетсек, бүгүн 19-мартта Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Бишкектеги Шабдан Баатыр көчөсүн 7-апрель деп өзгөртүү сунушун кабыл алышкан.

Айта кетсек, бул сунуш 2017-жылы «Айкөл Ала-Тоо» жана «Мекен шейиттери» коомдук уюмдары тарабынан көтөрүлүп, алар ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кайрылышкан. Атамбаев бул сунушту Бишкек шаардык кеңешине жиберген.

Ага ылайык, Шабдан Баатыр көчөсү 7-апрель деп өзгөртүлөт, ал эми Чүй кең көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү Шабдан Баатыр деп аталат.

 

Количество просмотров: 30