Ютубдагы “Эл уксун” каналынын ээси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.
Облустук милициянын маалыматына караганда, 2024-жылдын 12-декабрында бир адам Интернетте Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө болуп жаткан согуштук аракеттерге катышууга чакырган видеоматериалдарды жарыялаганы тууралуу маалымат катталган.
Бул факт Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 254-беренесинин (террордук ишке көмөктөшүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө интернет булактарындагы видеоматериалдар М.А. аттуу жаранга таандык «Эл уксун» ютуб каналына жарыялангандыгы аныкталган. Видеодо 1998-жылы туулган К.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны тууралуу көрсөтүлүп, ал Украина менен Россия Федерациясынын ортосундагы куралдуу жаңжалга активдүү катышып жүргөндүгү тууралуу жана ошол эле учурда куралдуу жаңжалдарга катышуу үчүн жарандарды жалдап жатканын билдирген.
Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык М.А. жана К.А. аттуу жарандардын сөздөрүндө чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн жарандарга чакырык жасаган белгилери камтылганы көрсөтүлгөн.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы материалдарды жарыялаган 1986-жылы туулган М.А. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренеси негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Мыйзамына ылайык согуштук аракеттерге үгүттөгөн материалдарды коомчулукка жайылтууга тыюу салынганын эскертет.