• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өз алдынча антибиотик, гормоналдык жана С гепатитин дарылоочу дарыларды колдонуу ден соолукка зыян

13 Теке 2020 12:15 Бишкек Govori.TV

Өз алдынча антибиотиктер, гормоналдык дарылар жана С гепатитин дарылоочу дарыларды колдонуу ден соолукка зыян. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бейтап стационарга жаткырылган учурда, ага чейин колдонулган дармектер дарылоо курсуна терс таасирин бериши мүмкүн. Мындан улам, ден соолугу начарлап, башка оорулары күчөшү ыктымал.

“Негизгиси, өзүнүн саламаттыгын байкап туруу жана стационарга жатууга себеп болгон симптомдорун өткөрүп жибербөө зарыл. Алар, дем алуунун жетишсиздиги жана анын ылдамдашы. Ал эми оорудан айыккан жарандар ден соолугуна өзгөчө кам көрүп, дарыгердин жазып берген сунуштарын так аткарышы зарыл. Мисалы, дем алуу гимнастикасы жана диета. Андан сырткары, айыкканына карабастан алар алдын алуу чараларын сактоосу зарыл: беткап кийүү, антисептик колдонуу жана, колдун гигиенасын, физикалык аралыкты сактоо”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 11 миң 117ге жетти. Алардын ичинен 1781и медицина кызматкери. Илдеттен 3460 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 147 адам каза болду.

Количество просмотров: 99