• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Өз алдынча дарыланган». Коронавирустан 36 жаштагы бейтап каза болду

17 Кулжа 202010:20 Бишкек Govori.TV

17-июнга карата коронавирус инфекциясынан дагы бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бейтап 11-июнда Бишкектен Жалал-Абадга тажияга барган. Маркум Бишкекте жүргөндө эле оорунун белгилери байкалып, өз алдынча дарыланып, антибиотиктерди колдонгону белгилүү болду.

«12-июнда абалы начарлап, Жалал-Абад облустук ооруканасына кайрылып, 16-июнда кайтыш болду. Дарыгерлер тарабынан болгон аракеттер жасалганына карабай, кайтыш болду», — деди Үсөнбаев.

Азыркы күндө Республика боюнча коронавирус илдетинен 30 бейтап каза болду.

Количество просмотров: 513