• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Өз энесине кол көтөргөн жаран 2 жылга эркинен ажыратылды

17 Баш оона 201810:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV
Нарын облустук соту өз энесине кол көтөргөн жаранды 2 жылга эркинен ажыратты. Соттун өкүмүндө көрсөтүлгөндөй, соттолуучу бир канча жолу энесине кол көтөргөн.
Соттук отурумдун жүрүшүндө шектүү күнөөнү мойнуна алды. Бирок, анын айтымында энеси дайыма ичкилик ичкендиги үчүн жаңжал чыкчу.
Жабырлануучунун айтымында, буга чейин уулу унаа утуп алган. Кийин ал түрмөгө кесилип кеткен. Ал убакта энеси унааны батирге айырбаштап жиберген. Түрмөдөн келген уулу унааны кайра кайтарып берүүнү талап кылып, натыйжада энесине кол көтөргөн.
Количество просмотров: 63